"Miss Supranational Kyrgyzstan" наамынын ээси Ширин Алайчиева Польшада өтө турган эл аралык сулуулар сынагына учуп кетти. Улуттук сулуулар сынагынын дирекциясынан билдиргендей, "Miss Supranational 2022" сынагы 26-июндан 16-июлга чейин өтөт.
Ширин Алайчиева - Кыргызстандан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн "Miss Supranational" сынагына катышып жаткан биринчи өкүл экенин кошумчалашат дирекциядан.
2021-жылдын ноябрында "Мисс Кыргызстан-2021" сынагында Ширин Алайчиева "Кыргызстандын вице-мисси-2021" наамын жеңип алган.
Ширин Алайчиева Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. 18 жашта. Мектепти аяктагандан кийин Ошко көчүп кетип, ОшМУга тапшырган. Учурда медицина факультетинде жалпы медицина адистиги боюнча билим алууда. Диплом алгандан кийин аспирантурага тапшырууну көздөйт.