Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлү: "Жаза өтөө мекемелеринде кыйноо жок экенин толук жоопкерчилик менен айта алам”

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемель Садыков "бүгүнкү күндө жаза өтөө мекемелеринде кыйноо жок экенин толук жоопкерчилик менен айта алам" дейт. Бул тууралуу ал конференцияда айтты.

Форумда Кемель Садыков кеңири баяндама жасап, Жазаларды аткаруу кызматы эч нерсени жашырууга аракет кылбай турганын белгиледи.


"Кыргыз Республикасы бир катар маанилүү эл аралык документтерге кошулуу менен соттолгондордун жана камактагы адамдардын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча олуттуу милдеттерди өзүнө алган. Кыргызстан бул милдеттенмелерди аткаруу үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Биз Улуттук борбор, Акыйкатчы институту, башка укук коргоо уюмдары жана бейөкмөт уюмдар менен кызматташабыз.

Мен толук жоопкерчилик менен айта алам, бүгүнкү күндө жаза өтөө жайларында кыйноо жок. А биз биринчилерден болуп, кыйноолордун болбоосуна кызыкдарбыз.

Жазаларды аткаруу кызматы эч нерсени жашырууга аракет кылбайт. Тескерисинче, биз коомго мүмкүн болушунча ачык болууга аракет кылабыз. Анын ичинде укук коргоочулар жана камак шарттарын жакшыртуу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатышат.

Ошону менен бирге эркинен ажыратуу жайларындагы көйгөйлөрдү бир кыйла объективдүү изилдөөгө, кыйноолорду колдонууга түрткү болгон себептерди жана шарттарды жоюу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көбүрөөк көңүл бурушун каалаар элем. Биз бардык кесиптештерди жана өнөктөштөрдү мындан аркы конструктивдүү кызматташууга чакырабыз. Биргелешкен аракет менен гана биз бул мамлекеттик маанидеги маанилүү иште сезилерлик натыйжаларга жетише алабыз", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан