Заманбап бий боюнча чемпиондуктун жеңүүчүлөрү аныкталды. Парижге баруу бактысы кимге буюрду?

Бишкекте Fusion Concept Kyrgyzstan - заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпиондук өттү. Анда биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды дешет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен.
Алар:
1. Попинг – номинациясын Жан Воиновдун окуучусу – Бообек Саламатов жеңип алды (Бишкек, Кыргызстан);
2. Хип-хоп – номинациясы боюнча Владимир Мещеряков (Ташкент, Өзбекстан);
3. All Styles Kids - Элая Байшакова (Алматы, Казакстан) болду.
Ал эми кыргызстандык Ома жана Ема Twins Fusion Concept программасынын жеңүүчүлөрү болду. Эми алар август айында Парижге барышат.
Францияда өтө турган чемпиондукка дүйнөлүк калыстар тобунун курамына биздин мекендешибиз Жан Воинов катышат.
Эске салсак, 24-июнь күнү Fusion Concept Kyrgyzstan чемпиондугу Кыргызстанда биринчи жолу өтүп, анда америкалык ырчы Мадоннанын хореографы Марвин Гофин хип-хоп жанрында мастер-класстарды өткөрдү.
Аталган иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, BMW'нын Кыргызстандагы расмий дилеринин өкүлү Баатай Сулайманов жана бир катар ири компаниялардын жетекчилери фестивалга дүйнөлүк колдоо көрсөтүштү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан