Ак розалар менен... Москвада Юрий Шатуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө (сүрөт)

Бүгүн, 26-июнда Москвада "Ласковый май" тобунун белгилүү солисти Юрий Шатуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Орус басыламалары белгилегендей, маркумдун сөөгү Троекуров көрүстөнүнө коюлат.

Коштошуу зыйнатына ырчынын миңдеген күйөрмандары келишти. Алардын бир тобу ырчынын "Белые розы" ырын аткарса, бир тобу коштошууда ырдоону уят иш көрүштү. Коштошууга келгендердин дээрлик баары ак розаларды кармап алышкан. Ошондой эле гүлчамбарлар дагы ак розалардан даярдалган.

Эске салсак, 48 жаштагы Юрий Шатунов 23-июнга караган түнү жүрөк оорусунан улам көз жумган. Анын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө тартылып калган видеосу жарыяланып, анда ырчынын абалы начарлап ооруканага жеткирилгени белгилүү болгон.

"Ласковый май" тобу 1986-жылы 6-декабрда Оренбург шаарындагы №2 балдар үйүндө музыка ийриминин мугалими болуп эмгектенген Сергей Кузнецов, аталган балдар үйүндө тарбияланып жаткан 13 жаштагы Юрий Шатунов жана Вячеслав Пономарёв тарабынан негизделген. 1992-жылы аталган музыкалык топ өз ишин убактылуу токтоткон.

Бирок Юрий Шатунов кийин өзүн жеке ырчы катары сынап, бир топ хит ырларды жарата алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан