Орусиялык ырчы МакSим ырдап жатканда сахнага чуркап чыккан күйөрманы аны кучактоого аракет кылган. Бирок бул аракети ийгиликсиз болуп, натыйжада ырчы кулап түшкөн. Окуя Екатеринбургда өткөн "Музыка түнү" фестивалында орун алган.
Анда сахнага ырчынын күйөрманы чуркап чыккан. Бул учурда күзөтчү аны токтотуп, сахнадан алып түшүүгө аракет кылган. Күйөрман ырчыны колунан кармап тургандыктан МакSим кулап түшкөн. Бул окуядан кийин ырчы бир аз убакыт сахнада туруп калган, көрүүчүлөрдүн кол чабууларынан кийин ал ырдоону уланткан.
Ырчынын күйөрманымын деген Людмила бул окуядан кийин кечирим сурап, жаман ою болбогонун айткан.
"Эч кандай жаман ниетим болгон эмес, ал менин кумирим! Мен сахнага чуркап чыгып, аны кучактап, автограф сурайын дедим. Бирок бир жерден ката кетти. Күзөтчү мени кармап алып сыртка чыгармакчы болду, ошол маалда мен ырчынын колун кармап тургам. Күзөтчү мени тартканда ырчы кулап түштү. Бул үчүн мен МакSим`ден чын жүрөктөн кечирим сурайм”, - деген ал.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, Екатеринбургда өткөн "Музыка түнү" фестивалына 300 миң адам келген.