ККМди ишке киргизүү боюнча жумушчу топтун кеңешмеси болуп өттү. Эмнелер талкууланды?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүүнүн алкагындагы сунуштарды талкуулоо боюнча жумушчу топтун отурумуна катышты. Анда Жапаров ишкерлер үчүн контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү үчүн эң ийкемдүү шарттар түзүлөрүн, ошол эле учурда салыктарды төлөө ар бир жарандын конституциялык милдети болуп саналарын айтты.

Кеңешменин жүрүшүндө Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин жана ККМди милдеттүү түрдө киргизүүгө каршы чыккан ишкерлердин 10 күндүк ишинин жүрүшүндө иштелип чыккан жумушчу топтун сунуштары талкууланды.

Жумушчу топтун бардык сунуштары кеңири талкууланып, министрлер кабинетинин башчысы алкоголдук ичимдиктерди, курамында алтыны бар продукцияларды, мунай продуктуларын сатуу менен алектенген ишкерлер контролдук-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө колдонууга жана сатылып жаткан продукцияга эсеп-фактураларга ээ болуусу тийиш экендигин баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө ишкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу боюнча ишти улантуу чечими кабыл алынды. Анткени алардын көпчүлүгү контролдук-кассалык аппараттарды кантип иштетүүнү түшүнбөй жатканын моюнга алышты.

Кеңешменин жыйынтыгында бир катар чечимдер, анын ичинде үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге ишкердик менен алектенген чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпесе, аларды салыктан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жумушчу топтун кезектеги жыйыны бир аптадан кийин өтүп, анда ишкердиктин башка категориялары талкууланып, ал үчүн контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү үчүн өзгөчө шарттарды түзүү каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан