Бүгүн, 2-декабрда Оштун борбордук аянтына чыккан митингчилер учурда Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн имаратын басып алууга аракеттенишүүдө. Учурда эл имаратты карай таштарды, бөтөлкөлөрдү ыргытып, Сооронбай Жээнбековдун эл алдына чыгуусун талап кылышууда. ОМОНдор имаратты курчап турушат. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы билдирди.