Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылды. Жакындары изделет

Милицияга Бишкекте Төрөкул Айтматов жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде 30-40 жаштар чамасындагы европа түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси дарыянын жанынан табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилери: бою 175-180 сантиметр, арык чырай, кыска саргыл чачтуу.

Өзгөчө белгилери: сол бутунун манжаларынын учтары жок, сол буттун тизеден жогору жагында 5 чекит түрүндөгү татуировкасы бар.

Кийген кийимдери: кызыл футболка, кочкул жашыл куртка, боз шым, көк түстөгү adidas кроссовкасы.

"Урматтуу жарандар, табылган адамдын аты-жөнүн тактоого көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранабыз. Сүрөттөгү адам тууралуу маалыматы барлар 0 704 30-08-43, 0 776 17-15-15, 0 702 49-88-88 телефон номерлерине кайрылыңыздар", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан