Мээ кайнаткан ысыктан кантип сактануу керек? Коргонуу эрежелери

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 26-июндан 30-июнга чейин ысык аба ырайы күтүлөрүн маалымдаган.

Аномалдуу ысык аба ырайын жүрөк-кан тамыр системасынын жана өнөкөт оорулардан жапа чеккендер эмес, дени сак адам да жакшы көтөрө албайт. Мындай аба ырайында өнөкөт оорулар күчөп кетиши мүмкүн. Жай мезгилинде дагы бир маанилүү коркунуч - ичеги-карын инфекциялары, айрыкча жаш балдар арасында жана тамак-аштан уулануу коркунучу бир нече эсеге көбөйөт. Саламаттыкты сактоо министрлиги ысыктан коргонуу, тамак-ашка уулануудан сактануу боюнча эрежелер менен бөлүшөт.

Аномалдуу ысыктан коргонуу үчүн?

- күндүн эң ысык мезгилинде мүмкүн болушунча көлөкө жерде болууга аракет кылыңыз;

- өзүңүздү ысыктан коргоо үчүн калпак жана табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийиңиз. Мындай ысыкта синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларына алып келет;

- көбүрөөк кайнатылган, бөлмө температурасында муздатылган суюктук (2,5-3 литр) ичүү сунушталат, эң жакшысы газсыз минералдык суу, лимон кошулган муздак көк же кара чай. Газдалган жана алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу жакшы;

- суу өтө муздак болбошу керек, анткени ысыкта иммунитеттин төмөндөшүнөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт;

- сууга түшүү - денени муздатуунун жакшы жолу, жуунганда жуунуунун эрежелерин сактоо керек жана спирт ичимдиктерин ичпеңиз;

- сунушталбаган, атүгүл тыюу салынган жерлерде сууда сүзбөңүз.

Ичеги инфекциясы менен ооруп калбоо үчүн:

- көчөдөн үйгө кайтып келгенден кийин, тамак ичердин алдында, тамак даярдап жатканда, дааратканага баргандан кийин, коомдук транспортто жүргөндөн кийин колду тез-тез жана жакшылап самындап жууп туруу;

- жашылчаларды, жемиштерди жана мөмөлөрдү суу түтүгүнүн астында жакшылап жуу;

- сатуучудан сатылып жаткан продукциянын сапат сертификатын суроо;

- ашканада тазалыкты сактап, тамак-аштын калдыктарын чогултпай, чымындардан сактануу үчүн терезелерди сеткалоо;

- үйлөрдө ажатканаларды таза кармоо, аларды өз убагында дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен тазалоо, анткени ысык мезгилде патогендик микробдорду таманында алып жүрүүчү чымындардын массалык түрдө көбөйүшүнө жакшы шарттар түзүлөт;

- тамак-ашты туш келди адамдардан, көчө сатуучулардан же базарлардан сатып албоо;

- үй шартында ысык жана муздак тамактарды даярдоодо гигиеналык эрежелерди, тамак-аш азыктарын, өзгөчө тез бузулуучу азыктарды сактоо мөөнөтүн жана сактоо шарттарын сактаңыз. Чийки тамактарды жана бышырылган тамактарды өзүнчө сактоо керек;

- чийки тамактарды иштетүү үчүн өзүнчө бычактарды жана кесүүчү такталарды колдонуу шарт;

- тез бузулуучу тамак-аштарды жана даяр тамактарды муздаткычта +2... +8 градус температурада гана сактоо;

- даяр калдыктарды муздаткычтарда 1 күндөн ашык эмес сактоо.

Температуранын жогорулашы кандай ооруларды күчөтөт?

Көбүнчө ысыкта тобокелдик тобуна кирген улгайган адамдар чоң коркунучка кабылышат. Алардын арасында кант диабети, артериялык гипертензия, кандагы холестериндин деңгээли жогору жана жүрөк-кан тамыр ооруларына тукум куума ыкташы бар, ашыкча салмак менен ооруган бейтаптар кирет.

Оорунун курчушуна жол бербөө үчүн төмөнкүлөр зарыл:

- текшерүүдөн өтүп, дарыгер белгилеген дары-дармектерди өз убагында ичүү;

- кан басымдын жана кандагы канттын деңгээлин өлчөө;

- эгерде сиз ооруп жатсаңыз, ысык аба ырайында оор физикалык иштерди жасабоо;

- эгер ден соолугуңуз начарласа физикалык көнүгүүлөрдү токтотуп, медициналык мекемеге кайрылуу;

- демейде ичип жүргөн дары-дармектерди ысыкта таштабай, аларды дайыма жаныңызда алып жүрүү;

- жаратылышта эс алуу, сууда сүзүү учурунда күндөн коргоочу кремдерди колдонуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан