Ош. Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн имаратын басып алабыз деген митингчилерди аксакалдар токтотуп калышты
Бүгүн, 2-декабрда Оштун борбордук аянтына чыккан митингчилер Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн имаратын басып алууга аракетин азырынча токтотушту. Аларды аксакалдар дагы 2 саат күтүп турууга ынандырышты. Элдин алдына Сооронбай Жээнбековдун чыгышы күтүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы билдирди.