Токмокто кудук казуудагы кырсык. Жабыркагандардын абалы айтылды

Бир күн мурда Токмок шаарында кудук казып жаткан 5 адамдын үчөө каза болуп, экөө жабыркаган. Бүгүнкү күндө жабыркаган жарандар Токмок шаардык ооруканасында жатат.

Алардын абалы канааттандырарлык экенин Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгилүү болду. Учурда бейтаптар травматология бөлүмүнө которулушту.

Белгилей кетсек, 26-июнда Токмок шаарында 5 киши кудук казып жатышкан. Алардын бирине кудуктун ичинен аба жетпей, башкалары жардам бермекчи болушкан. Тилекке каршы, дагы экөөнө аба жетпей каза болуп, экөө жабыркаган.

Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан аталган окуя боюнча териштирүү башталганын кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан