"Түтүктү помидор тосуп калган". "Бишкексууканал" шаар тургундарын канализацияга таштанды таштабоого чакырды

"Бишкексууканал" башкармалыгы шаар тургундарынын канализацияга таштандыларды таштоосу олуттуу көйгөйлөрдү жаратып жатканын белгилеп, жашоочуларды мындай кадам жасабоого чакырды.

Маалыматта айтылгандай, 26-июнь күнү аталган кызматтын диспетчердик бөлүмүнө Жал кичи районунун жашоочусу кайрылып, канализацияда тыгын пайда болгонун билдирген. Ыкчам топ чакыруу түшкөн жерге барганда канализацияга ташталган помидор түтүктү бүтөп калганы аныкталган.

Ушундай эле окуя Сельповская көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу турак үйдө да катталып, анда канализациянын ишине тыгылып калган сүлгү тоскоолдук жаратканы маалым болгон.

"Урматтуу шаардыктар! Эгер сиз канализацияга чоң көлөмдөгү таштанды же тамак-аш калдыктарын таштасаңыз, бул жалпы системанын ишине чоң коркунуч келтирет. Сиз таштанды таштоо менен көп кабаттуу үйдөгү башка коңшуларыңызга да олуттуу көйгөйлөрдү жаратасыз", - деп айтылат "Бишкексууканал" башкармалыгынын кайрылуусунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан