Бишкек мэриясы шаардыктардан ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууну өтүнөт

Борбор калаанын мэриясы ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууну эскертет. Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда нормадан ашык ысык болуп жатат.

Быйылкы жылдын жай мезгили ченемден тышкары ысык болуп, абанын температурасы орточо айлык температурадан ашып кетиши мүмкүн.

"Буга байланыштуу “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаардыктардан ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууну өтүнөт, анткени ал бүгүнкү күндө өтө курч көйгөйгө айланып, болуп көрбөгөндөй керектөөнү жаратат.

Ал эми жайкы мезгилде сууну пайдалануу эрежелери сакталса, көйгөй чечилиши мүмкүн. Сугаруу иштерин саат 00:00дөн таңкы 05:00гө чейин жүргүзүңүз", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан