Өлкөдө үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө президенттин жарлыгынын аткарылышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыяланды. Бул туурасында президенттик администрациядан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө кеңешме өттү. Анда Сыргабаевге сөгүш берилди.
Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына кайрылды. Ал президенттин "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы ар кандай үй-бүлөлүк майрамдарды, эскерүү ырым-жырымдарын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө негизсиз чыгымдарды кыскартууга багытталгандыгын белгиледи.