Махачкала-Бишкек-Махачкала багыты боюнча жаңы аба каттам ачылды. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун сайтына жарыяланды.
Маалыматта каттам жумасына 1 жолу, атап айтканда бейшемби күнү аткарылары жазылат.
Аталган багыт боюнча авиакаттамдарды "Red Wings Airlines" авиакомпаниясы аткарат.