Депутаттар жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду 10 эсе көтөрүүнү сунуштоодо

Жогорку Кеңештин депутаттары жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду 10 эсе көтөргөнү жатышат. Муну парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 2-декабрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. “Жол кырсыктарынын саны өсүп жатканын көрүүдөбүз. Эгер айдоочулар мас абалында жол эрежесин бузса, биз алардын айдоочулук күбөлүгүн алып, айып пулду 10 эсе көтөрүүнү пландап жатабыз. Коңшу өлкөлөрдө айып пул биздикинен бир топ жогору”,- деди Бекешев. 

Депутат учурда жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдун өлчөмү 100 сомдон 2 миң сомго чейин экенин кошумчалап, айып пулду 10 миң кылуу керек экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан