Бишкектеги “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын дубалына манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтү тартылып жатат.
Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, сүрөттү Саякбай Каралаевдин небереси Алмаз Тиленовдун каржылоосу менен сүрөтчү Таштанбек Ибраимов тартууда.
Имарат Гагарин көчөсүндө жайгашкан.