Бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болуп жаткан Нуржаасын Жумагуловго донор табылды

Эки бөйрөгүнөн жабыркап жаткан актёр Нуржаасын Жумагуловго донорлор табылды. Ал жакында Түркия мамлекетине бөйрөгүн алмаштырууга барат. Бул туурасында актёрдун өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.

"Апам менен бөлөм мага донор боло алышат экен. Муну Кыргызстанда жасаткан медициналык анализдер көрсөттү. Эми Түркияга барып, ал жактан дагы медициналык текшертүү жасайбыз. Кимисиники көбүрөөк дал келсе ошол донор болот. Буюрса, июль айынын башында үчөөбүз Түркияга кетебиз", - деди ал.

"Мегатой", "Миң бир түн", "Жетикс", "Напарниктер" жана башка кинолордо роль ойноп, спектаклдерде образ жараткан актёр 2 жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келет. Анын эки бөйрөгү тең жабыркагандыктан учурда гемодиализ алууда.

Белгилей кетсек, 28-июнда Кыргыз драма театрында актёрго колдоо көрсөткөн кайрымдуулук концерти өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан