Аэропорт көчүрүлөт. Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки башкы планы даярдалууда

Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки башкы планы даярдалууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, бүгүн шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардын вице-мэри Элдос Таев, тийиштүү мекемелердин жетекчилери менен бирге шаардын башкы планын даярдап жаткан адистер менен жолугушту.

"Анда шаардын башкы планына ылайык, шаарга кайсы аймактар кошулаары, өндүрүштүк, көп кабаттуу турак жайлар курулуучу аймак, темир жол жана шаарды айланып өтүүчү жол боюнча бир катар суроолор ортого салынды. Адистер учурда башкы планды даярдоо боюнча жеринде иш жүргүзүп жатышкандыктарын белгилеп, алдыда айтылган сунуш-пикирлердин үстүндө иш алып барышаарын кошумчалашты", - дешти мэриядан.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын 2040-жылга чейинки башкы планы толугу менее 2023-жылы даяр болот. Даярдалып жаткан башкы планда шаардын аймагы 4452 гектар аянтка кеңейтилип, көп кабаттуу имараттарды курууга тоскоолдук жаратып келген аэропорт шаарга жакын жайгашкан райондордун биринин аймагына көчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан