Карганбек Самаков: “Манас” эпосу Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүдө добуш бере турган мамлекеттер колдоп берет го деп турабыз”

Бүгүн, 2-декабрда Азербайжандын борбору Баку шаарында ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 8-жыйыны өз ишин баштады. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков баштаган кыргызстандык делегация катышууда. Делегациянын курамында манасчылар, манас таануучулар, эксперттер жана журналисттер бар.

Жыйында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине Кыргыз Республикасынын атынан каттатуу маселеси каралат.

Карганбек Самаковдун айтымында, “Манас” эпосунун кыргыз элине таандык экенин тастыктаган, ЮНЕСКО талап кылган бардык документтер кынтыксыз жасалып берилген. “Демек, бул жолу “Манас” эпосу Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилет деген үмүтүбүз бар. Добуш бере турган мамлекеттер колдоп берет го деп турабыз”,- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан