23-24-июнда Түркия Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) 11-пленардык жыйынына катышты. Жыйын Чолпон-Ата шаарында өттү.
Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, Мустафа Шентоп иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен жолугушту.
Маалыматка ылайык, жолугушуулар учурунда Фетуллахчы террордук уюму/параллелдүү мамлекеттик структура (ФЕТО/ПЙД) маселесине токтолгон Шентоп, ТүркПА 11-пленардык жыйынында төмөндөгүлөргө токтолуп өттү.
"ФЕТО - билим берүү жана элге кызмат (хизмет) маскасын жамынып алып, биздин түшүнүктөрдү жана баалуулуктарды кыянаттык менен пайдаланган, жашыруун максаттары үчүн жаштардын ишенимдерин, сезимдерин жана психикалык дүйнөсүн бузган террордук уюм.
Бул террордук уюм жалгыз гана Түркия үчүн коркунуч эмес. Аталган уюм кайсы өлкөлөрдө иш алып барса, ошол өлкөнүн коомдук түзүлүшүнө, социалдык тынчтыгына, мамлекеттик кызмат жана демократиясына коркунуч туудурат. Ошондуктан дин менен билим берүүнү зордук-зомбулуктун жана кыянаттыктын куралына айландырган бул чыккынчы уюмга каршы баарыбыздын этият, сак болуубуз жана кызматташтык ичинде иш алып баруубуз шарт.
2016-жылдагы төңкөрүш аракети учурунда ФЕТӨ Түркия Улуу улуттук жыйынына 3 бомба таштаган. Бомбаны таштоо үчүн учкучтарга тапшырмаларды берген кишилер балдарыбыз билим алсын деп аманат кылган мектептердин жана колледждердин директорлору, мугалимдери экендиги, алардын рацияларындагы жазуулар аркылуу сотто аныкталды. Түркия катары жарандарыбыздын өмүрүнө, демократиябызга, эгемендүүлүгүбүзгө жана келечегибизге коркунуч келтирген бул чыккынчы “Фетуллахчы террор уюмуна” каршы күрөшүбүздү улантабыз жана бул түзүлүштү бүткүл дүйнөдө жок кылганга чейин күрөшүбүз улана берет. Бул – мамлекет чечкиндүүлүгү, бул - мамлекет чечими", - деди ал.
Шентоп өлкө башчы менен жолугушуусунда да ФЕТӨ коркунучу тууралуу кооптонууларын айтты. Ошондой эле ФЕТӨнүн 15-июлдагы чыккынчы төңкөрүш аракети жана башка өлкөлөрдөгү ФЕТӨ иш-аракеттери тууралуу Жапаровго маалымат берип жатып, бир нече өлкө ФЕТӨгө тиешелүү мекемелерди Түркияга өткөрүп бергенин айтып өттү.
Шентоп ФЕТӨ иш алып барган бардык өлкөлөр үчүн улуттук коопсуздукка тобокелчилик жаратаарын белгилеп, иш сапары менен келген дос жана бир тууган өлкөнү коркунучка каршы сак болуусу үчүн эскертип жаткандыгын белгиледи.
Мындан тышкары Түркия Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Жапаров менен болгон жолугушуусунун акырында ФЕТӨ иш жүргүзгөн өлкөнүн Түркия менен болгон карым-катнашын үзгүлтүккө учуратарын айтып, ФЕТӨнүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотуу достуктун зарылчылыгы экенин баса белгиледи.