Биз социалдык тармакта

Акыйкатчы: "Чоң-Алайда тууганы сабаган баланын окуясы иликтенет"

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Сары-Могол айылында 3 жашар наристени тууганы сабап салганы тууралуу жазылган. Буга байланыштуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова акыйкатчы Атыр Абдрахматовага кайрылуу жасаган.

Акыйкатчы аталган окуя териштирилерин билдирди.

"Ош облусунун Алай РИИБинин алдын ала маалыматы боюнча, баланы Алай аймактык ооруканасына Сары-Могол айылынан туугандары алып келишкенде денесинде көк ала тактар ​​болгон. Райондук милиция өз ишин аткарууда. Акыйкатчы институтунун Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү эртең ошол жерге барып, акыйкатчынын ыйгарым укуктарынын алкагында иликтөө жүргүзүшөт", - деп жазган акыйкатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан