“Социалдык
мамлекетте жашагандардын баары инфраструктураны пайдаланууда бирдей укукка ээ
болуусу керек”,- деди КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев
бейөкмөт уюмдардын лидерлери менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда аталган
министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министрдин
айтымында, учурда Кыргызстанда коомчулукту гуманизациялоо багытында бир катар
иштер жүрүп жатат. Сентябрь айында “Жүрөктөн жүрөккө” аталыштагы акция өтүп, ага 1500ге жакын майып балдар чогулган. Эми бул акция Жалал-Абадда өтмөкчү.
Министрликтин
басма сөз кызматынын маалыматында, кайрымдуулук акциялары ар бир облуста
уюштурулат. Мындан тышкары министрлик менен бейөкмөт уюмдардын биргелешип иш
алпаруусунун натыйжасында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо шартын
жакшыртып, алардын музейлерге, театрларга акысыз баруусун камсыздаган атайын
план иштелип чыккан.