Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети Эсептөө палатасынын 2012-жылга отчётун угууну башка күнгө жылдырды. Депутат Исмаил Исаков отчёт бере турган Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимовага кайрылып отчёт менен таанышып чыкканын айтты. “Мен окуп чыктым, отчёт жалпылап жазылган. Бизге мунун кереги жок, коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча так, кыска маалымат берсеңиз”,- деди Исаков.
Элмира Ибраимова коргоо жана коопсуздук маселеси боюнча маалыматты кийинки аптада берерин айтып, маселени кароону жылдыруу сунушун айтты. Жыйынтыгында сунуш колдоо тапты.