Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети Баткен облусуна мектептерди курууга багытталган мыйзам долбоорун жактырды.
Белгилүү болгондой, мыйзам долбоору министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептерди куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун жана Баткен районунун Самаркандек айылдарына ар бири 330 орундуу болгон мектептер курулат. Билим берүү мекемелерин куруу өзбек тараптын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылып, кийин кыргыз тараптын менчигине өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, комитеттин жыйыны кечээ, 27-июнда өттү.