Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен 16 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
Маалым болгондой, маркумдун сөөгү 27-июнда саат 19:20да табылган.
Белгилей кетсек, Балыкчы шаарындагы Толкун кум жээгинде 16 жаштагы кыз 27-июнда сууга чөгүп кеткен. Жерине 7 куткаруучу тартылган.