Кара-Балтада 10 миллион долларга таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу пландалууда

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 10 миллион долларга таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу пландалууда. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Кыргыз-орусиялык компаниянын атынан жеке инвестор таштанды төгүүчү жайдын ордуна ишкана курууну сунуштоодо. Ал катуу калдыктарды иштетип, энергияны өндүрөт. Завод "кайра иштетүү" принциби менен иштеп, Кара-Балта полигонунун көлөмүн көтөрө албаган жүктү азайтат", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле жакында шаар жетекчилиги, жергиликтүү кеңеш жана инвестор мүмкүн болгон кызматташуунун жагдайларын талкуулаганы маалым болду.
"Кыргызстанда таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды куруу зарылдыгы тууралуу маселе улам көтөрүлүүдө. Таштандылар шаарларды булгайт, ошондуктан биз аларды курууга кызыкдар болушубуз керек. Тилекке каршы, каражаттын жетишсиздигинен жана башка факторлордон улам таштанды полигону санкцияланган полигонго айланган. Натыйжада экологияга жана жарандардын ден соолугуна олуттуу зыян келтирилүүдө", - деп билдирген шар мэри Мирлан Жекшенов.
Маалым болгондой, мэриянын жумушчу тобу башка мамлекеттик органдар менен биргеликте жана инвесторлордун катышуусунда долбоордун бардык укуктук жана техникалык аспектилерин карайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан