АКШнын Техас штатындагы Сан-Антонио шаарынын четинде жүк ташуучу унаадан кеминде 46 адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза болгон жарандар АКШда мыйзамсыз жүргөн мигранттар болушу мүмкүн экендиги болжолдонууда. Алар жүк ташуучу унаада ысыктан жана суунун жоктугунан каза тапкан болушу ыктымал. Окуя катталган жерде куткаруу иштерин жүргүзгөн топтун башчысы Чарльз Худ унаада эч кандай желдеткич жана суу болбогонун билдирген. Алар жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чамасында тегерегинде жансыз денелер жаткан унааны табышкан. Кийин чиркегичтин ичинен да көптөгөн жансыз денелер табылган. Унаада 16 адам, анын ичинде 4 жаш бала тирүү калганын жана алар жакынкы ооруканага жеткирилгени маалымдалды.
Сан-Антонио шаардык милиция кызматынын жетекчиси Уильям Макманус кылмыштуу окуяга байланыштуу 3 шектүү жаран кармалганын билдирген. Ал ошондой эле Сан-Антонио шаарынан 250 чакырым алыстыкта жайгашкан АКШ-Мексика чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункту аткезчилердин жүк ташуучу негизги пунктуна айланганын белгилеген.