Бүгүн, 2-декабрда Бишкекте Ак үйдүн алдына ТЭЦ-2 жаңы конушунун тургундары митингге чыгышты. Талабы: жер тилкелерине кызыл китеп берүү. Тургундар 7 жылдан бери менчик жер тилкелерине кызыл китеп берилбей жатканын айтышты. Жер тилкесинин тийиштүү документи жок үчүн балдары дарыгерлердин жардамын ала албай жатканын айтышат митингчилер. Нааразычылык акциясына чыккандардын саны 20дай, азырынча аларга эч ким чыгып жолуга элек.