Москвада электрондук тамеки өспүрүм чегип жаткан учурда жарылып кетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, электрондук тамеки 13 жаштагы өспүрүмдүн оозунан жарылып, оозу-мурдун айрып кеткен. Окуя Москва облусундагы Химки шаарында болгон.
Өспүрүмдүн апасынын айтымында, баласы тамекини кимдир бирөө таштанды таштоочу жайга ыргытып кеткен жеринен алган. Натыйжада баланын оозунан жарылып, оозу жана мурду айрылып кеткен. Колунун билеги, көкүрөгү жабыр тартканы жазылат маалыматта.
Айта кетсек, мындай окуя Екатеринбургда да катталып, анда 15 жаштагы баланын алдыңкы 5 тиши түшүп, оозу жабыркап, ийини күйүп кеткен.