Баткендеги маданий жана спорттук объекттер республикалык бюджеттен каржыланат. Мындай чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мындай чечим менен "Баткен облусунун макамы" жөнүндө мыйзам ишке ашырылат. Буга чейин облус аймагындагы маданият үйлөрү, спорттук оюн аянтчалары жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдоп-түзөөдөн өтүп, курулуп келген.
Белгилей кетсек, каржылоо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аркылуу өтөт.