Сериалдар бош убактыбызды ойдогудай өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген эң сонун нерселердин бири. Сүйүү, мекен, үй-бүлө сыяктуу темаларды камтыган курч окуялуу сериалдарды бөлүмдөн бөлүмгө кууп көрүүнү ким гана каалабасын...
Буга чейин дүйнөлүк кино тарыхында жарым кылымдан ашык убакытка созулган жана азыркы күнгө чейин уланып келе жаткан узак сериалдар бар экендигин билчү белеңиз? Аларды көрүп чыгуу үчүн кеминде 5-6 жыл керектелет. Албетте, күнүнө сериал көрүп уктагандан башка эч нерсе кылбасаңыз. Ал эми жумуш, окуу, тамактануу сыяктуу күнүмдүк иштерди эске алганда ондогон жылдар сарпталары талашсыз.
ТОП-5 рубрикабыздын алгачкы чыгарылышында кино тарыхындагы эң узак 5 сериалды тизмектеп беребиз. Анда кеттик...
5. "Жаштар жана кыйындар"
Өлкө: АКШ
Жылы: 1973 - .....
Бөлүм: 12 миң 23
Убактысы: 30 - 90 мүнөт
"Жаштар жана кыйындар" сериалы узактыгы боюнча кино тарыхында 5-орунда, ал эми азыркы күнгө чейин тартылып жаткан сериалдар арасында 3-орунда турат. Тасма эң алгач экранга 1973-жылы 26-мартта чыккан. Алгачкы сезону кедей жана бай үй-бүлөлөрдүн ортосундагы карама-каршылыктарды чагылдыруудан башталса, кийинчерээк роль жараткан актёр, актрисалардын жарым жолдо иш таштоосуна байланыштуу сценарий бир канча жолу чоң өзгөрүүгө учураган. Тасма азыркы күндө АКШдагы эң көп көрүлгөн сериалдардын катарында. Ал АКШдан тышкары дүйнөнүн 20га жакын өлкөсүндө көрсөтүлүп келет.
4. "Дүйнө кантип айланат?"
Өлкө: АКШ
Жылы: 1956 - 2010
Бөлүм: 13 миң 858
Убактысы: 30 - 60 мүнөт
"Дүйнө кантип айланат" сериалынын негизги ою "жер айланып тургандагы" анын үстүндө жашап жаткан адамдардын ар түрдүү тагдырларын чагылдыруу болгон. Бирок тасманын жаратуучулары узак жылдар бою терс маанайдагы эпизоддорго орун беришкен эмес. 1980-жылдардан кийин гана акырындык менен сойкулук, кылмыш, аборт сыяктуу эпизоддор кошула баштаган. Эң кызыгы, сериал 54 жыл бою АКШнын 2 гана шаарында тартылган. Тактап айтсак, алгачкы 43 жылда Манхеттан шаарындагы, ал эми калган 11 жылда Бруклиндеги окуялар баяндалган.
Сериалдын актрисаларынын бири Хелен Вагнер бир тасмада эң узак убакыт роль жараткан актриса катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Ал сериалдын алгачкы бөлүмүнөн баштап финалдык бөлүмүнө чейин 54 жыл бою ойногон. Актриса алгач тартылып баштаганда 37 жашта болсо, 2010-жылы акыркы бөлүмдөр тартылып жаткан убакта рак оорусунан улам 91 жашында дүйнөдөн өткөн.
3. "Жашообуздун күндөрү"
Өлкө: АКШ
Жылы: 1965 - .....
Бөлүм: 14 миң 368
Убактысы: 30 - 60 мүнөт
"Жашообуздун күндөрү" сериалы экранга 1965-жылы 8-ноябрдан баштап чыга баштаган. Тасманын негизги сюжетинде Хортон жана Бреди аттуу америкалык орто класстагы психиатрлардын жашоосу баяндалат. Салем аталышындагы шаарда өнүккөн окуялардын бардыгы ойдон чыгарылган. Сериалдын басымдуу бөлүгү медицина жана психология темасына арналган.
Бул сериалда да бир канча актёр, актрисалар узак убакыт бою роль жараткан. Алардын айрымдары тасмадагы образынын 30-40 жылдык туулган күндөрүн белгилешсе, айрымдары, тилекке каршы, сериалга тартылып жүргөн жылдарда көз жумган.
2. "Борбордук оорукана"
Өлкө: АКШ
Жылы: 1963 - .....
Бөлүм: 14 миң 612
Убактысы: 30 - 60 мүнөт
"Борбордук оорукана" сериалы эң алгач экранга 1963-жылы 1-апрелде чыккан. Тасманын идеясы Френк жана Дорис Хёрсли аттуу сценарист жубайларга таандык. Эң кызыгы, сериал алгачкы жылдарда анчейин элдин көңүлүн бура алган эмес. Бирок 1970-жылдары тасмадагы окуялардын өнүгүшү менен эң көп көрүүчү топтогон сериалдардын катарына кошулган. 1981-жылы тартылган тасмадагы Люк жана Лора аттуу түгөйлөрдүн үлпөт тоюн 30 миллионго жакын адам көргөн. Бул кино тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет.
Сериалдын бир канча бөлүмдөрүндө белгилүү Голливуд актёрлору да роль жараткан. Бүгүнкү күнгө карата сериалдын 14 миң 612 бөлүмү экранга чыккан. Тасманын жаратуучулары 2023-жылы боло турган 60 жылдык юбилейге даярданып жаткан маалы. Ошондой эле жакынкы 2 жылда эң узун тасма болгон "Жол көрсөтүүчү жарык" сериалын ашып өтүшү күтүлүүдө.
1. "Жол көрсөтүүчү жарык"
Өлкө: АКШ
Жылы: 1952 - 2009
Бөлүм: 18 миң 262
Убактысы: 15 - 60 мүнөт
"Жол көрсөтүүчү жарык" дүйнөлүк кино тарыхындагы эң узак сериал. Ал АКШда 1952-жылдан баштап 2009-жылга чейин көрсөтүлгөн. 57 жылга созулган тасма телевидениеде көрсөтүлгөн эң узун сериал катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Эң кызыгы, аталган сериал 1937-жылдан баштап эле чыга баштаган. Бирок телевидениеден эмес, радио аркылуу ар күнү 15 мүнөттөн уктурулуп турган. Кийин 1952-жылы АКШ өкмөтү сериалды тартуу чечимин чыгарган. Сериалда 12 үй-бүлөнүн тагдыры жана аларга жол көрсөтүп турган дин адамынын өмүрү баяндалат.
Сериал бүгүнкү күнгө чейин 375 жолу ар кандай номинацияларга талапкер болуп, 98 жолу беделдүү сыйлык жеңип алган. Анткен менен жыл өткөн сайын тасманын рейтинги түшө баштаган. 2009-жылдары тартылган бөлүмдөрүн 100-115 миң көрүүчү көргөн. Бул сериалдын гүлдөп турган маалындагы көрсөткүчтөн 10 эсе аз эле. Мындан улам АКШ бийлиги сериалды жыйынтыктоо чечимине келген.
2009-жылы 11-августта экранга чыккан финалдык бөлүмгө сериалдын башынан бери маанилүү ролдорду жараткан бардык оюнчулары катышкан. Тактап айтсак, акыркы бөлүмдө 5 миң актёр жана актрисаны көрүүгө болот.