Бир шарты бар. Жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашпаган ишкерлер салык төлөөдөн бошотулат

Жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашпаган ишкерлер бир шартты аткарса салык төлөөдөн мөөнөтсүз бошотулат. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.

Андагы маалыматка ылайык, жылдык кирешеси 8 миллион сомго чейин болсо жана ал ишкер милдеттүү түрдө контролдук-кассалык машинаны колдонсо (ККМ) салык төлөөдөн бошотулат.

Президенттин "Чакан ишкерликти колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жыл сайын 8 миллион сомго чейин киреше алуу жана ККМны милдеттүү түрдө пайдалануу боюнча талаптарды аткарууну караган мыйзам долбоору демилгеленген.

Бул мыйзам долбоору 2022-жылдын январында министрлер кабинетинин расмий сайтында жарыяланган.

Учурда министрликтердин жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алуу менен мыйзам долбоору такталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан