Ош шаарынын мэриясынын имаратына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн автоматтык лифт (пандус) орнотулууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, автоматтык лифт ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүү иш-чараларынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, буга чейин Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар калаада алар үчүн шарттар түзүлбөгөнүнө нааразы болуп, митингге чыгып келишкен.