Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон, ата-энесинен ажыраган, Июнь окуясында жабыркагандардын, Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандардын балдарынын бир бөлүгү жайкы эс алуу лагерине жиберилди.
Шаардык мэриянын маалымат борбору билдиргендей, балдар Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылында жайгашкан шаардык мэриянын карамагындагы «Алтын балалык» лагеринде эс алышат.
Лагерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана балдардын тамак-ашы үчүн Жалал-Абад шаардык мэриясынан жыл сайын акча каражаты бөлүнөт.
Белгилей кетсек, аталган лагерде жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан 200 бала эс алат.