Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу жана дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салды.
Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулардын алдында сүйлөп жатып бул окуянын Баткен облусунда жашаган мекендештер үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Айтымында, бүгүн Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо комплексинин курулушу башталууда.
Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультра добуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу. Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.
Комплексти куруу бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы баасы 603 миллион 500 миң сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 миллион сом бөлүндү. Мындан сырткары 100 миллион сомго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздоо милдети турат.
"Кыргызстандын бардык жеринде мындай комплекстерди куруу зарыл болуп турат. Кудай буюрса, ар бир облусубуздун борборунда ушундай студенттик шаарчалар курулат. Облустарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртуу менен катар эле калкыбыздын саламаттыгына кам көрүшүбүз кажет.
Мына ушундай максатты көздөп, эң жаш облус катары Баткен облусунан баштап отурабыз. Баарынан мурда аталган комплекстин максаты келечекте жергиликтүү элдин ден соолугуна кам көрүү жана кесипкөй адистерди даярдоо болуп саналат", - деп белгиледи президент.
Президент келечекте бул комплекс Баткен жергесине кызмат кылып, ийгиликтин башатына айлануусун каалады. Илимге, билимге суусаган баткендик жаштарга билим уясы болуп берсин.
Капсула салгандан кийин Садыр Жапаров чогулган жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты. Алар аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфраструктурасын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди көтөрүштү.