“Прокуратура 2003-жылкы “Кумтөр” келишимин түзүүгө катыштыгы бар делген 88 адамды суракка алды, мунун ичинде жоопкерчиликке тартыла тургандары да бар”. Муну ЖКнын Коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 2-декабрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев айтты. Айта кетсек, Текебаев КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат.
Азыркы мыйзам боюнча кылмышка күнөөлүүлөрдү жоопко тартуунун мөөнөтү 10 жыл. Андыктан быйыл 31-декабрда 2003-жылкы “Кумтөр” келишимин түзүүгө катышкандарды жоопко тартуу мөөнөтү бүткөнү турат. Буга жол бербөө үчүн жана кылмыш кылгандар эртеби-кечпи жооп бериши керек деген Өмүрбек Текебаев Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип жатканын билдирди.
Депутат Анарбек Калматов сунушталган мыйзам 2013-жылдын 31-декабрына чейин кабыл алынса гана “Кумтөргө” күнөөлүүлөрдү жазага тартуу мүмкүн экенин айтты.
Текебаев ошон үчүн бул мыйзам долбоорду батыраак кабыл алуу керектигин кошумчалады. Мыйзам долбоору комитеттен колдоо тапты.