Сот отурумунда Атамбаевди 12 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчү келтирилди

Бүгүн, 28-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча соттук отурум орун алды. Отурумда мамлекеттик айыптоочу экс-президент Алмазбек Атамбаевди Кылмыш жаза кодексинин 278-беренеси "массалык баш аламандыктар" боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркиндигинен ажыратууну сурады.

Ошондой эле Октябрь окуясына катыштыгы бар саясатчы Жеңиш Молдокматовду, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду жана Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду 9 жылга эркинен ажыратууну өтүнүч келтирди.

Мындан тышкары президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду, УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевди 7 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады.

Маалымат үчүн: 2020-жылы октябрь айындагы окуялар боюнча ишти кароо былтыр, 2021-жылы 8-октябрда башталган. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан