Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун иши боюнча тергөөдөн кийин аны баш коргоо чарасы менен кармоо чечими каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 29-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
“Азыркы тапта И.Өмүркуловго карата кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан тергөө жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгында аны баш коргоо чарасы менен кармоону же кармабоо чечими чыгарылат” деп маалымдайт басма сөз кызматы.
Эске салсак, 22-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Иса Өмүркуловго КРнын Кылмыш -жаза кодексинин 305-беренеси (жер мыйзамдарын бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Шаар башчысы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган деп айыпталууда.