Биз социалдык тармакта

Чолпонбек Абыкеевдин казино боюнча айтканына Түркиянын элчилиги жооп берди

Бүгүн, 28-июнь күнү президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "Биринчи радиого" берген маегинде канчалаган мамлекеттерде, анын ичинде Түркияда, ислам динин карманган бир топ өлкөлөрдө дагы казинолор иштерин белгилеп, ошолордун баары кумарпоз болуп кеткен эместигин айткан.

Абыкеевдин мындай пикирине Түркиянын элчилиги жооп кайтарды.

"Кыргызстанда казинолорду ачуу боюнча болуп жаткан ички саясий талкуулар Кыргызстандын ички маселеси.

Мындай саясий талкууларга Түркиянын мисал катары көрсөтүлүүсү жана кыргыз коомчулугуна Түркияда казинолор ачык деген маалымат таратуу туура эмес деп эсептелинет.

Түркияда казинолор өкмөттүн чечими менен 1996-жылы жабылган", - деп жазылган элчиликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан