Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Муктар Жумалиев кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Муктар Жумалиев кызматынан бошотулду. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Муктарбек Жумалиев Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Нидерланддар Королдугундагы, Люксембург Улуу Герцогдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргызстандын Европа Бирлигиндеги, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмундагы (ХКТУ), Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду", - деп жазылат маалыматта.

Жумалиев Кыргыз өлкөсүнүн Люксембургдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) туруктуу өкүлү болуп 2019-жылы дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан