Бишкекте "Велошеринг эс алуунун жакшы жолу" аттуу долбоорун ишке ашыруу күтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, бул долбоор Бишкек шаарында унаа тыгындарын азайтууга жана шаар тургундары арасында дени сак жашоо образын жайылтууга багытталган.
Июлдун башында велосипед, самокат, электросамокаттарды мобилдик тиркеме аркылуу ижарага алууга мүмкүн болот. Мэрия тарабынан мындай экологиялык транспортторду ижарага берүүчү 80 түйүн уюштурулат.