Путин Тажикстанга иш сапары менен барып, Ооганстандагы кырдаалды талкуулады

Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Дүйшөнбү шаарына барып, бир катар маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкө башчылары эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, чек арадагы коопсуздукту камсыздоо боюнча пикир алмашып, Ооганстандагы абалды талкуулашты.

Владимир Путин өз сөзүндө Ооганстандагы кырдаал турукташышы үчүн Орусия мамлекети баарын жасай турганын билдирди.
“Сиздер билесиздер, биз ал өлкөдө кырдаал турукташышы үчүн баарын жасайбыз, абалды көзөмөлдөп жаткан саясий күчтөр менен мамиле түзүүгө аракет кылып жатабыз”, — деди Путин.
Мындан сырткары, Путин ооган этносторунун баары өлкөнү башкарууга катышышы керектигин айтты.
Ошондой эле ал Тажикстандын Ооганстан жана башка коңшу өлкөлөр менен мамилеси кандай нук алып жатканы туурасында Рахмондун пикирин угууга ынтызар экенин белгиледи.
Ал Москва менен Дүйшөнбү шаарлары бардык багыттар боюнча активдүү иштешип жатканын, эки өлкөнүн мамилеси терең жана союздаш экенин кошумчалады. Ошону менен катар Орусияда иштеп жүргөн Тажикстандын жарандары Орусия Федерациясынын экономикасынын өсүшүнө зор салым кошуп жатканын белгилеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан