Орусия АКШнын президенти Жо Байдендин жубайы жана кызына санкция салды

Орусия санкциялык тизмеге АКШнын президенти Жо Байдендин жубайы Жил жана кызы Эшлини киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, санкциялык тизмеге дагы 25 АКШ жараны киргизилген. Бул кадам "АКШ орусиялык саясий жана коомдук ишмерлердин “кара тизмесин” кеңейтип жатканына жооп катары" кабыл алынган.

Санкция Конгресстин мүчөлөрүнө, сенаторлор, философ жана политолог Фрэнсис Фукуямага салынган. Орусиянын жазалоочу чараларына кабылган америкалыктардын жалпы саны ушуну менен 1 миң 48 кишиге жеткенин америкалык басылмалар жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан