"Чыныгы кыргыз кызы". Сууга түшүп, ат минген Валентина Шевченконун кезектеги видеосу

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына кезектеги видеосун жарыялады. Анда мушкер айымдын ат минип, шаркырап аккан сууга түшүп жатканын көрүүгө болот.

"Табият коюнунда үй-бүлө жана досторуң менен ат минип убакыт өткөргөнгө эмне жетсин! Көчмөн элимдин салтын улантып жатам. Кыргызстандагы жай мезгили - ажайып керемет", - деп жазган ал.

Ал эми видеонун астына социалдык тармактын колдонуучулары жылуу пикирлерин жазышууда.

"Биз сени менен сыймыктанабыз";

"Сары кыз Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатат";

"Чыныгы кыргыз кызы" деп жазышкан күйөрмандары.

Валентина Шевченко
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан