Чипсы, колбаса жана газдалган суусундуктар ден соолукка зыяндуубу? Адистен жооп

Тамактануу - адам баласынын жашоосу үчүн эң зарыл муктаждыктарынын бири. Организмге кирген ар бир азык ички органдардын, мээнин иштешине, акыл-эстин калыптанышына таасирин тийгизери анык. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бул эң зарыл, маанилүү болгон муктаждыкты аткарууда көпчүлүгү олуттуу каталарды кетирип, ар кандай илдеттерге чалдыгып келишет.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин табигый илимдер институтунун биология багыты боюнча магистранты, биолог Гулсия Бараталиева күнүмдүк турмушубузда көп колдонгон азык-заттардын зыяндуу жактарын айтып берет.

- Тамактануу, физиологиялык жактан гана ашказанды толтуруу эмес. Адам баласы төрөлгөндөн тартып эмес, түйүлдүктүн пайда болушунан баштап туура тамактанууга тийиш. Перзенттин өмүрүнө өбөлгө болуучу биринчи кубат эненин денесиндеги кан. Түйүлдүк ошол кан менен азыктанып, өмүрүн сактайт.

Мисалы, бир дарак өстүргүбүз келсе, аны жерге сепкенден тарта топурагына кам көрүп, сугарып карайбыз. Себилген ар бир урук топурагына карай түшүмүн бергендей, келечекте мыкты улутту көргүбүз келсе, анда өзгөчө ар бир ата-эне балдарына тамак берүүдө маани берүүсү шарт.

Адамдын узак өмүр сүрүшү жана ден соолугунун чың болушу 80 пайыз тамак-аштан жана 20 пайыз кыймылдан көз каранды. Заманбап коомубузда жашоо шарт жеңилдегени менен туура эмес жашоо образынан улам өмүрлөр кыскарып жатат. Кыргызстан жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча биринчи орунга чыгып кетти. Өзгөчө 30 жаштан кийин салмак кошкондор арбын.

Семирүү - бул кадимки оору, денеге ашыкча майдын топтолуусу. Мындан тышкары жаш балдардын боор, бөйрөк, онкологиялык, аллергиялык оорулары аябай көбөйдү. Базарлардан, шаарыбыздын көчөлөрүнөн же социалдык тармактардан кайрымдуулук боюнча чыккан жарнактар жанды кейитет. Бул көрүнүштөр бизге туура тамактанууга коңгуроо болушу зарыл.

Ден соолукка терс таасирин тийгизген, өмүргө коркунуч туудурган бир катар азык-заттарды тизмектеп өтөйүн.

1. Чипсы жана картошка калдырканы (фри)

Даамы боюнча талашкым келбейт. Бирок картошкадагы минералдар жана бардык витаминдер кууруп жатканда жок болот. Кызарта куурганда төмөндөгү кошулмалар пайда болот.

Акриламид – канцерогендик касиетке ээ уулуу кошулма. Ал заттар картошканы кууруп жатканда пайда болуп, бөйрөккө, көзгө, боорго, борбордук нерв системасына терс таасирин тийгизет. Глицидамид рак оорусун пайда кылган акриламиддин метаболити болуп саналат.

Акролеин – акрил кислотасынын альдегиди, кууруу процессинде майлардын ажыроосунан пайда болот. Бул зат өтө уулуу жана ички органдардын бузулушуна алып келерин белгилей кетүү керек. Ошондой эле бул азыктын курамында көп сандаган зат алмашууну бузуучу туздар бар. Натрий хлориди жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизет, сөөктөрдүн толук өсүшүнө тоскоол болот жана кан басымдын жогорулашынын провокатору болуп саналат. Натрий глутаматы же E-621 тузу ар кандай тамактын даамын жакшыртуу үчүн колдонулуп, бул зат тыюу салынгандардын катарына кирбесе да, эксперттер андан качууну сунушташат. Биринчиден, туз ошол тамакты жегенге көз карандылыкты жаратып, туз кошулбаган кадимки тамак-аш татымсыз жана даамсыз сезиле баштайт. Экинчиден, E-621 адамдын нерв системасына зыяндуулугун тийгизет. Америкалык бир окумуштуунун “Эс-тутумуңуздун начар болушун кааласаңыз, чипсынын 1 даанасын жеп коюу жетиштүү “ деп айтканы бар.

2. Жарым фабрикаттар жана колбаса-сосискалар.

Колбасаны натрий нитрити (E250) менен чыгара башташкан. Ансыз эт көп учурда боз болуп, көпчүлүккө даамы жаккан эмес. Натрий нитрити колбаса этине эки себептен улам кошулат. Биринчиден, колбасаны кызгылтым кылып боёо үчүн. Экинчиден, консервант болуп кооптуу бактериялардын өнүгүшүнө тоскоолдук кылуу үчүн. Мындан тышкары бул азыктарга майды чочко майы менен, эт белок-соя менен алмаштырылат. Түс берүүчү боёктор жана көпкө сактоо үчүн химикаттар, консерванттар, стабилизаторлор кошулат.

Кууруп жатканда бул кошулмалардан жаңы трансгендик майлар пайда болот. Айрыкча жаш балдар жана улгайган адамдарда рактын өнүгүшүнө түрткү заттар канцерогендердин курамында болот. Тамак сиңирүү системасы, өзгөчө ашказан жана жоон ичегини жабыркатат.

Колбасанын курамындагы адамдын денесине кыйыр зыян келтирген омега-6 майларынын жогорку мазмуну болуп саналат. Алар өсүмдүк майларынын жана колбаса этинин бир бөлүгү. Айта кетсек, омега-6 жүгөрү майында эң көп кездешет. Омега-6ны ашыкча колдонуу организмде микро-сезгенүүнүн өнүгүшүн күчөтүп, омега-3кө болгон муктаждыкты жогорулатат. Өз кезегинде, омега-3 жетишсиздиги деңиз балыгын же балык майын колдонбогондор арасында өтө кеңири таралган.

3. Газдалган суусундуктар

Газдалган суусундуктар суюлтулган канттын көп санын камтыйт. Мындай суусундуктардын гликемиялык индекси чоң. Гликемиялык индекс канчалык жогору болсо, анын сиңиши үчүн кыска убакыттын ичинде инсулин ошончолук көп бөлүнүп чыгат.

Айрыкча ичеги-карын жолу толук калыптана элек жаш бала газдалган суусундукту ичкенде, уйку бези үчүн нес абал болуп, ишинин бузулушуна алып келет. Газдалган суусундуктарга ортофосфор (фосфор) кислотасы кошулат. Аны тамак-ашта колдонуу көбүнчө кариес менен байланышкан, анткени фосфор кислотасы организмден кальцийди жууп кетет. Тиштин кариес болушу да буга байланыштуу.

Энергетикалык суусундуктар кофеинден тышкары С жана В тобундагы витаминдерден турат.
Витаминдер пайдалуу нерсе, бирок мындай химиялык топто эмес. В витамини көп санда болсо титирөөнү, жүрөктүн кагышын тездетип жана аллергиялык реакцияларды пайда кылат. Витамин С консерванттар жана ароматизаторлор менен реакцияга киргенде, канцерогендик заттар пайда болот.

4.Соустар (кетчуп)

Сатып алынган соустарда боёктор, консерванттар, даам жакшырткычтар, стабилизаторлор бар. Алардын баары дененин абалына терс таасирин тийгизет жана ичеги-карын системасынын иштешинде олуттуу бузулууларга алып келиши мүмкүн. Ачуу соустарды көпкө пайдалануу ашказандын жана ичегилердин былжыр челинин бузулушуна алып келиши мүмкүн, натыйжада гастрит жана ичегиде жаралар пайда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан