Орусиядан алынып келген арпанын "вакула" сортунан кара көө илдети Талас жана Ысык-Көл облустарында аныкталды. Бирок кооптонууга негиз жок экендигин маалымат жыйында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
"Быйыл министрлик Орусиядан 12 миң 343 тонна түшүм алып келүүгө келишим түзгөн. Бюджеттен бөлүнгөн каражатка 6 миң тоннасын гана сатып келгенбиз. Ал үрөндөр толугу менен дыйкандарга таратылып берилип, түшүмү жакшы болуп жатат. Бирок таратылган арпанын "вакула" сортунан кара көө илдети Талас облусунун Манас районунда, Ысык-Көл облусундагы Түп, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Жети-Өгүз райондорунда аныкталууда. Жерине атайын комиссия барып, текшерүү иштерин жүргүзүп келди. Андыктан кооптонууга негиз жок", - деди ал.
Министрликтин белгилешинче, кара көөнүн экономикалык зыяндуулугу 0,5 пайызды түзөт.