Казакстанда жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу боюнча жарнактар жарыяланган сайт аныкталды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Алматы шаардык прокуратурасы балдарды сатуу боюнча жарнактар жарыяланган сайтты аныктады. Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, жаңы төрөлгөн балдарын таштап кетүүнү каалаган жаш кыз-келиндер ыйгарым укуктуу органдардын жана соттун тиешелүү чечими жок эле мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен “сатып алууну” сунушташкан.
Ошондой эле сайтта ушундай жол менен бала багып алууну каалагандардын массалык жарыялары жарыяланып турат.
Алатау облусунун прокурору аталган сайтты мыйзамсыз деп табуу жана анын Казакстандын аймагындагы ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылган. Сот көзөмөл органынын арызын канааттандырган.
Ошол эле учурда адам сатуу фактысын текшерүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Бул кылмыш үчүн интернет сайттын ээлери мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.