Кыргыз тараптан Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары болуп Арслан Койчиев дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Койчиев президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулган.
Арслан Койчиев мамлекет башчынын кеңешчиси болуп 2021-жылы март айында дайындалган.