Орусиялык диетолог аптаптуу күндөрү кандай азыктардан баш тартуу керектигин айтты

Орусиялык диетолог жана физиотерапевт Римма Мойсенко аптаптуу күндөрү кандай азыктардан баш тартуу керектигин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде айтып берди.

Дарыгердин айтымында, жайдын аптаптуу күндөрү алкоголдук ичимдик, тез татым азыктары, ачуу, майлуу жана куурулган тамак-аштан баш тартуу керек.

Ошондой эле нан азыктарын, май жана жаңгакты аз өлчөмдө колдонуу сунушталат.

Диетолог ысык аба ырайында рациондо жер-жемиш, жашылча, майлуу эмес эт, балык жана деңиз азыктары болушу маанилүү экенин айтат. Ошондой эле сууну жетиштүү өлчөмдө ичүү керектигин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан